Буу куралдуу күчтөрү
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)БУУ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ – БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча жана анын жетекчилиги астында БУУнун Уставына ылайык түзүлүүчү жана колдонулуучу БУУга мүчө-мамлекеттердин бириккен куралдуу күчтөрү. Ал тынчтыкта жашоо бузулганда же баскынчылык актысы болгондо (БУУнун Уставынын 39-ст.), аны ооздуктоо үчүн башка чара жетишсиздик кылган учурда же жеткиликсиз болгондо (БУУнун Уставынын 42-ст.) эларалык тынчтыкты же коопсуздукту колдоого же калыбына келтирүүгө арналган.